Жаңылыктар

Кыргызстан боюнча үшүк жүрөт. 30-мартка карата аба-ырайы

Кыргызстанда 30-мартта түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет билдиргендей, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда -1…-3°, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2°-4 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн бүчүрлөрү жана гүлдөрү үчүн коркунучтуу.

Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги зонада сел жүрүшү мүмкүн.

Кайра 31-марттан тарта күн жылып, Бишкек шаары жана Чүй өрөөнүндө +15 градуска чейин көтөрүлөт.

Яндекс.Метрика