Саясат

Ызы-чууга кабылган «Кыргызстан» тууралуу кызыктуу фактылар

Шайлоо боло элек жатып ызы-чууга кабылып жаткан “Кыргызстан” партиясы расмий түрдө 2010-жылы түзүлгөн. 2015-жылы тездик менен активдешип парламенттик шайлоодо 18 мандат алган. Партиянын негизги курамын капчыктуу ишкерлер түзөт.

Партия жалпысынан бийликке оң көз карашта болуп коалициялык көпчүлүктүн мүчөсү болуп келди. Партиядан депутаттыкка шайланган Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын ээлеп келет. Партиянын лидери Канатбек Исаев “бийликти басып алууга аракет кылган” деген берененин негизинде жарым жылга жакын абакта отуруп, кийин бул ишти Жогорку сот кыскарткан.

“Кыргызстан” партиясына өлкөдөгү эң бай ишкерлердин бири Шаршенбек Абдыкеримовдун таасири күчтүү экени айтылып келет. Ал бул партиянын башында тургандарын бири экенин жашырбайт.

Партиянын башындагы он талапкердин тизмеси:

1. Канат Исаев, партиянын жана фракциянын лидери;

2. Талант Мамытов;

3. Нурбек Алимбеков;

4. Наталья Кулматова;

5. Азиз Турсунбаев;

6. Руслан Чойбеков;

7. Дастанбек Жумабеков;

8. Чолпон Султанбекова;

9. Шаршенбек Абдыкеримов;

10. Данияр Толонов.



Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталат.

Яндекс.Метрика