Саясат

Кыргызстан Сох анклавын ачса Өзбекстан Ункар-Тоону берүүгө даяр

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүткөрүү керек деген бүтүмгө келишти, деп билдирди президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берип жатып.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы 7 өткөрүү пунктунун иши жандандырылат, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечип, керек болсо документтерди сканерлөөгө ылайыктуу шаймандар менен камсыз кылууга убада берди.

«Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба байланышын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан ээн-эркин өтүшөт. Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш-тартыш жана саясий тирешүү болуп келген Ункар-Тоо аймагын берүүгө даяр », — деди ал.

Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, калган чырлуу маселелерди мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу атайын комиссия чечет, ал буга чейин өзбек кесиптештери менен жолугушууларды өткөргөн.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен олуттуу жана масштабдуу кызматташууга даяр экендигин билдирди, деп билдирди Байтерек.

Яндекс.Метрика