Жаңылыктар

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо боюнча келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим Садыр Жапаровдун ушул жылдын июнь айында Ашхабадга болгон иш сапарында жетишилген.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет.

«Келишим боюнча, 9-августка чейин Түркмөнстан буга чейин 19,2 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон. Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат ”, — деп айтылат билдирүүдө.

Яндекс.Метрика