Жаңылыктар

Кыргызстанда азык-түлүк 70% чейин кымбатташы күтүлүүдө

Суу жана айыл-чарба аймактык өнүгүү министрлиги Кыргызстандын аймагынан кургакчылык болуп жаткандыгына байланыштуу айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салууну 8-июлдан баштап узартууну сунуштоодо.

Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Буга чейин айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары жерлерге 8-январдан баштап алты айга экспорттоого тыюу салынган.

Документке ылайык, экспортко тыюу төмөнкү товарларга тиешелүү: буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, жем, буудай уну, өсүмдүк майы, кум шекер жана тооктун жумурткасы.⠀

«2020-жылы жазгы-күзгү талаа жумуштарынын жыйынтыгы боюнча республикада айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары кыскарды, бул продукциянын айрым түрлөрүнүн өндүрүшүнүн кыскаруусуна жана аларга баалардын өсүшүнө алып келди»-деп белгиледи департамент.⠀

Тыюу салынгандан кийин, ички азык-түлүк рыногундагы кырдаал бир аз турукташты, бирок жарлыктын мөөнөтү аяктагандан кийин, жаңы күч менен массалык экспорт кайра жанданды. Натыйжада, ички азык-түлүк рыногунда айыл чарба продукцияларынын төмөндөшү жана азык-түлүктүн айрым түрлөрү боюнча баалардын 67-70% га жогорулашы болжолдонууда.⠀

«Мындан тышкары, кардын аз жаашы жана жаандын аз жаашы менен 2021-жылы жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстери үзгүлтүккө учурады жана алдын ала маалыматтар боюнча жайдын кургакчыл болушу күтүлүүдө, бул айыл чарба өндүрүшүнө терс таасирин тийгизет.

Коронавирус пандемиясынын экинчи жана үчүнчү толкундары, жана жогорудагы кесепеттер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн», — деп түшүндүрөт Айыл чарба министрлиги.

Министрлик айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салууну 2021-жылдын аягына чейин узартууну сунуштоодо.

Яндекс.Метрика