Жаңылыктар Кызыктуу

Күн тутулду! Кыргызстанда кандай болду

Бүгүн 21 – июнь жылдын эң узак күнү болуп саналат. Бул күнү күн тутулду. Кыргыз жеринде күндүзгү саат 11 ден 14:00ге чейин 3 саатка жакын созулду. Күн планетасынын толук тутулушун борбордук Африкада, Индиянын түндүгүндө, Кытайдын түштүгүндө жашагандар көрө алышты. Күндүн толук тутулушу 40 секундка жакын болду.

Кыргызстанда күн болжол менен 20 пайызга жабылды. Ошондой болсо дагы кара фильтр, кара көз айнек менен көрүүгө мүмкүн болду.

Күн толугу менен тутулган учурда жерге дароо караңгы түшүп, аба салкындайт. Канаттуулар сайраганын токтотуп, иттер үрүп жаныбарлар тынчсыздана башташат. Ал учурда асмандагы жылдыздарды көрүүгө болот. Бирок биз мындай көрүнүшкө күбө боло алган жокпуз. Ай күндүн бир бөлүгүн гана жаап өттү.

Күн кантип тутулат? Күндүн бетин Ай тосуп калат. Мындай көрүнүш Ай толгон учурда гана болот. Бул учурда Ай көрүнбөйт.

Күндүн тутулушу. Кыргызстанда тартылган сүрөт

Яндекс.Метрика