Жаңылыктар

Кыргызстанда наристелердин жарымынан көбү атасыз төрөлөт

Кыргызстанда наристелердин дээрлик жарымынан көбү атасыз төрөлөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстанда 170 миң бала төрөлсө, анын 22%ы расмий никеге турбаган энелердин балдары болгон. “Ошондой эле статистика боюнча бардык балдардын ичинен 49%ы үй-бүлөдө атасыз жашашат. Бул начар тенденция. Акыркы 5 жылда никени каттоо 10%га кыскарса, ажырашуу 19%га өскөн”, — деди ал.

Ошондой эле ал коомдо терс тенденция жүрүп жатат, үй-бүлөлүк баалуулуктардын төмөндөөсү байкалууда деп белгиледи.

“4-5 балалуу энеде балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын кол тамгасынын ордуна сызыкча менен белгиленген учурлар бар. Адатта, аялдар өздөрү үчүн атасы жок 1-2 бала төрөп алышат.

Акыркы жылдары үй-бүлө институту бузулуп бара жатат. Изилдөөгө ылайык, өлкөнүн калкы 2030-жылга карата картая баштайт. Азыркы оор кырдаалдагы балдар ата-эне болушат жана мунун бары кандай болорун билбейбиз.

Бүгүнкү ата-энелер 90-жылдардагы оор мезгилде чоңойгон балдар. Ошол муун азыр ата-эне болушту. Биз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды, анын ичинде физикалык, сексуалдык зомбулуктарды көрүп жатабыз”, — деди ал.

Анын айтымында балдар ата-энесин карылар үйүнө өткөрүп берген фактылар көбөйдү, буга чейин мындай көрүнүш жалгыз бой кары адамдарга гана тиешелүү болчу.

Кабар.кг

Яндекс.Метрика