Видео Дүйнөдө

Кыргызстандан Алматыга митингге барган деген жарандын видеосу тарады

Алматыда кармалгандардын бири Кыргызстандан учуп келгенин айтты. Анын 9-январдагы сурактагы видеосун казакстандык маалымат каражаттары таратты.

Анын айтымында, 1-январда ага бейтааныш адамдар чалып, Казакстанда 90 миң теңгеге митингге катышууну сунушташкан.

«Мен Кыргызстанда жумушсуз болгондуктан макул болдум. 2-январда Алматыга учуп келип, Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары да бар батирге алып барышты. Бирок мен алардын эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын түшүнгөн жокмун», — деди ал.

Кыргызстандык делген жаран митингдер башталганда коркуп кетип, батирине кайтып келгенин белгиледи.

«Мен ошол жерде түнөп, эртеси үйгө кайтууну чечтим, бирок мени Самсы айылында аскер кызматкерлери кармап кетишти», — деп эскерет ал киши.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы учурда Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары менен бул жарандын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы мекендештерди жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, чыр-чатактарга катышпоого, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга жана аймактарда болууга чакырат.

Бүгүн Казакстандын жергиликтүү телеканалдарынын биринин эфиринде Алматыда кармалгандардын бири Кыргызстандан учуп келгенин айткан сюжет көрсөтүлдү.

Яндекс.Метрика