Саясат

«Кыргызстандын» документтери артка кайтарылды

БШК «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды.

Партиянын жетекчиси Канатбек Исаев чечимге макул эмес экенин айтып, сотко кайрылышарын билдирди.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Анда партия өкүлү БШКга 18:00дөн кечигип келген, бирок журналда 17:59 деп оңдолуп жазылып калган. Буга башка партиялар нааразычылктарын билдиришип түнкү 11де БШК имаратынын алдына журналисттер, активисттер жана партия өкүлдөрү чогулган. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу партиялардын, коомчулуктун жана журналисттердин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Шайлоого бир айдан көп убакыт калганы менен мындай жаңжал менен коштолгон кырдаал быйылкы шайлоонун өтө кызуу өтөрүнүн далили болуп калды.

Яндекс.Метрика