Кыргызстандын кайсы облусунда ажырашуулар көп болот?
2021-жылы Кыргызстанда никеге тургандардын жалпы саны 46 848ди түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 13 943кө көп экенин Улуттук статистикалык комитеттин статистикасы билдирди.
Алардын ичинен аймактар боюнча:
- Бишкек шаары — 9824
- Ош облусу — 9294
- Жалал-Абад облусу — 8712
- Чүй облусу — 5987
- Баткен облусу — 3964
- Ысык-Көл облусу – 3253
- Ош шаары — 2547
- Талас облусу — 1655-ж
- Нарын облусу — 1612.
2021-жылы Кыргызстанда ажырашкандардын жалпы саны 11 миң 105ти түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 3 миң 48ге көп.
Алардын ичинен аймактар боюнча:
Бишкек шаары — 2354
Чүй облусу — 2072
Жалал-Абад облусу — 1784-ж
Ош облусу — 1777
Ысык-Көл облусу – 944
Баткен облусу — 746
Ош шаары — 567 – Нарын облусу – 446
Талас облусу — 415.