Жаңылыктар Саясат

«Кыргызстандын» мыйзам бузууларын БШК уккусу келбейт

 «Кыргызстан» партиясынын аттанган талапкер, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков Таласта жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди. Келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарында берген. Анткени ал келин жаңы төрөгөн баласынын атын Дастан койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Бул добуш сатып алуу болуп эсептелет.

Атыр Абдрахматова бул маселе боюнча парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароо жөнүндө сунушу БШКда колдоо тапкан жок.

Мындан тышкары «Кыргызстан» партиясы көчөдөгү баннерлерге тизмеде жок адамдардын сүрөттөрүн илип жатышканын дагы көрүүгө болот. Бирок бул мыйзам бузууларды БШК эч көргүсү да уккусу да жок..

Яндекс.Метрика