Кыска аралыкка такси чакырган үчүн айдоочу карыган аялды урушуп, сөктү
Бүгүн, 6-апрелде «Удача» фирмасында иштеген айдоочу 75 жаштагы апамды кыска аралыкка таксиге отургандыгы үчүн каргап, сөктү. ⠀

Бир нече күн мурун апамдын сахары көтөрүлүп, дарыгерлер дарылоону сунушташкан. Мындан тышкары ал гипертония менен ооруйт. Бүгүн апам дарыгерине көрүнүү үчүн ооруканага барышы керек болчу. Саат 09: 30да эжем өзү жумушта болгондуктан апама такси чакырган эле. ⠀
Айдоочу келип аралык алыс эмес экендигин билгенден кийин апамды урушуптур. Андан кийин ал бир нече метрден кийин унааны токтотуп, эшикти ачып: «Мен сени азыр чыгарып салам» дептир. Апам аны ооруканага алып баруусун суранып, ага жөө баруу кыйынга тураарын айткан. ⠀
Жеткенче таксист карыган апама арыз-муңун айтып, орой сүйлөп, аны жолдон унаадан чыгарып салам деп коркуткан.⠀Айдоочу өзү деле жаш эмес экен, түшүнүү менен мамиле кылса болмок да.⠀
Акыры ал ооруканага 1 чакырым жетпей токтотуп, түшүрүп салыптыр, апам бир чакырымдан ашык аралыкты жөө басып, үйгө келгенде аябай капа болду, кан басым көтөрүлүп кетти.⠀
«Удача» такси кызматындагы таксисттин иш-аракеттерин кандай бааласак болот? Кыска аралыкка барууга тыюу салынганбы? Тейлөө кызматкеринин жүргүнчү менен ушунчалык орой сүйлөп, сөгүнүп, сапардан баш тартууга кандай укугу бар?⠀
Телефонго келип түшкөн маалыматтар: Борт 294. Жол акысы 66 сомду түзгөн. Аралыгы 1,3 км. Жол жүрүү убактысы 4 мүнөт 30 секунд. Такси 1544
Даттануу kaktus.media редакциясына келип түшкөн.