Кытай агенти аталган Жунус уулу Адыл деген ким?
Адыл Жунус уулу 1963-жылы 15-майда Гүлжа шаарында (Кытай) туулган. «Республика — Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты.

Билими:
1987 — Синьцзян университетинин география факультетин аяктаган;
1994 — Бишкек гуманитардык университетинин тил борборун аяктаган.
1987-1991 — Кытай Илимдер Академиясынын География жана Экология институтунун окутуучусу;
1993-1994 — Тилдер жана Гуманитардык Институттун (азыркы БГУ) кытай тили мугалими;
1994 — «Кыргызспортобеспечение» республикалык администрациясынын спорттук делегацияларынын котормочусу;
1995-2015 — жеке ишкерлик менен алектенген.
2015-жылдан бери Республика-Ата Журт партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты.
Кытайда туулуп, өскөн. Ал 1991-жылдан бери Кыргызстанда жашап, 2001-жылы жарандык алган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Акыркы маалыматтар боюнча анын аялынын атасы Кытай Коммунисттер партиясынын өкүлү, губернатор болуп иштеген.
Журналисттер бул адам байлыктарын декларациядан жашырганын изилдеп чыгышкан. Анын байлыктары:
- Аянты 66м2 болгон батир
- Аянты 0,5 га болгон айыл чарба багытындагы эмес жерлер
- Аянты 39м2 болгон үй
- Аянты 1,9 га болгон айыл чарба багытындагы эмес жерлер
- Аянты 0,2 га болгон айыл чарба багытындагы эмес жер аянты
- 70м2 үй
- 761м2 үй
- Аянты 2627м2 болгон башка туруктуу имараттар жана курулуштар
Бойроктон шыйрак чыгара бербегилнчи бурадарлар… Адам Адам менен Адам… Текшергиле жакшылап анан айткылачы пожалуйста.