Жаңылыктар

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу талкууланат

Президент Садыр Жапаров 3-6-февраль аралыгында Кытайда иш сапары менен болуп, Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. ⠀

«Талкуула турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу тууралуу болот. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт, деп кошумчалады Кулубаев.

Яндекс.Метрика