Билип ал Ден-соолук

Кытайдан келген бул 6 азыкты бычак такаса да жебегиле!

Кыйтайдан келген товардын баары жаман дегенге болбойт. Бирок бизге окшогон кедей мамлекеттерге эң начар товарлар келерин баарыбыз эле билебиз. Кыргызстанга эң көп товарды Кытай экспорттойт. Өзгөчө күнүмдүк колдоно турган азык-түлүктөргө жакшы маани берүү керек. Кайсы азыктарга өзгөчө көңүл буруш керек?!

1. Сарымсак

Дүйнөдөгү сарымсак рыногунун 80%ы Кытайдан чыгат. Кытайдын сарымсагы пестицид, оор металлдар жана башка ден соолукка зыяндуу заттар менен сугарылганын окумуштуулар айтып келишет. Башка өлкөлөргө жиберээрдин алдында сарымсакты хлорго чылашат. Ал көпкө сактаганга жардам берет. Аны айрымалоо оңой эле жуулган, таптаза жана чоң болот.

2. Кара калемпир

Кара калемпир эң популярдуу татымал. Бул татымалдын баасын арзандатыш үчүн алар байкалбай калчу аралашмаларды кошуп жиберишет. Болбоду дегенде эле боёлгон крахмал менен майдаланган борду. Муну менен алар көлөмүн көбөйтүшөт. Калемпир сатып алып жатканда жакшылап сыртын окуп алуу керек. Каптап сатылган калемпирди кайдан экенин сурап билип алган оң, эң жакшысы тилге тийгизип татып көрүү керек, чыныгы калемпирден айрымасы дароо билинет.

3. Иштетилген козу карындар

Туздалган жана маринаддалган козу карындын 35%ы бизге кытайдан келет. Биринчи жолу алардын зыяны тууралуу 2006-жылы сөз болгон. Пекиндин тегерегинде өстүрүлгөн козу карынды тамакка колдонгон 16 адам ууланып ооруканага түшкөн. Эң башкы көйгөй болуп, Пекин жана анын тегерегиндеги райондордун абасынын абдан булганышы. Булар көбүнчө кафе, ресторандарда болот. Абайлаңыз.

4. Балык (тиляпия жана треска)

Тиляпия жана треска – Кытайдан импорт болчу балыктардын эң популярдуулары. Аларды багууда өстүрүүчү гормондордун чоң дозасы менен күчтүү антибиотиктерди колдонушат. Ошондой эле, балыктардын көбү суусу катуу булганган, майда көлмөлөрдө багылышат.

5. Жашыл буурчак

Жасалма буурчакты кытайда 2005-жылы чыгарып башташкан. Аны соядан, жашыл боёгучтан жана натрийдин метабисульфитинен (зыяндуу консервант) жасашат. Акыркысы тыюу салынган зат, себеби ал рак ооруларын чакырып жана метаболизмдин бузулушуна алып келет. Кантип текшериш керек? Мындай буурчак сууга бышканда жумшарбайт, ал эми суусу болсо жашылга боёлуп калат.

6. Күрүч

Эң көп жасалмаланган азык – бул күрүч. Ал картофелдин крахмалынан, формасы туруктуу болуш үчүн, пластик кошулуп жасалат. Мындай күрүчтүн бир порциясын жесеңиз – тамак катары целлофан пакетти жегендей эле болосуз. Андай болбосу үчүн, колдоноор алдында сапатын дайым текшериңиз. Таптаза болуп дароо эле билинет, отко күйгүзсөңүз күйөт.

Мына ушулар биз жашоодо дайым колдончу азыктар. Мындан башка жүздөгөн азыктар Кытайдан келет. Ар бир жеп, ичип жаткан тамагыңызга көңүл бурбасаңыз ден-соолугуңуз бат кыйрап калышы толук ыктымал.

Яндекс.Метрика