Кызыктуу Табышмак

Кыз жолго тыгылып калган. Оптикалык иллюзия баш катырып жатат

Интернетте тротуарда тыгылып калган Америкалык кичинекей кыздын сүрөтү талкуу жаратып жатат. Оптикалык иллюзияны кыздын апасы жарыялаган.

Интернет колдонуучулары аны бардык социалдык тармактарга жарыялап, сүрөттө болуп жаткан нерсенин түшүндүрмөсүн табууга аракет кылып жатышат.

«Бул менин мээмди оорутат … Мен аны көрө албай жатам», «Бүгүн үйгө бараткан жолдо токтоп, тыгылып калган кызга тамак берүүнү унутпаңыз», «Бул жөнүндө ойлонуудан тажадым, анткени мээ көтөрө албайт”, — деп комментарийге жазышууда.

Бирок, бул оптикалык иллюзиянын жандырмагын таап алгандар бар. Тротуар менен бакчанын коргоочу дубалы бирдей материалдан жасалганын, кыз дубалдын артында турган деп божомолдошкон.

Кыздын чыканагы тосмого таянышы менен иллюзия күчөп, дубал менен жол биригип жаткандай сезилет.

Яндекс.Метрика