Окуялар

Кыздар Москвага барса бузулуп кетет деген чынбы?

Мен 11-классты бүтүп 17 жашка толом. Тест тапшырып университетке тапшырып коюп, 19 жашка толгончо Москвага барып иштеп турсамбы деген оюм бар.

Себеби мен өзүмдүн бизнесимди ачууну каалайм. Ошо ата-энемден алыска кетип өзүм каалагандай жүрөмүн деген оюм жок. Ушул убакка чейин жигиттер менен деле суйлошкон эмесмин. Өзүм айылда чоңойгом.

Москвага барган кыздар баары бузулуп кетишет деп көп айтышат, ал ар кайсы кыздын өзүнөн да туурабы, жакшы кыздар деле өзгөрөт дешет. Ар бир адамдын өзүнөн болсо керек деп ойлойм. Ал жакка барганда өзгөрбөшүмө көзүм жетет. Жигиттер деле жөн жүргөн кыздарга тийишпей го! Билбейм, бирок жаш болуп дагы туура эмес ойлонуп жатамбы.

Сиздерден сурайын дегеним ушундай кылсам болобу, жаман сөз жазбай эле кеңеш бериңиздерчи. Көптөр айтат чоң шаарга барганда өзгөрүлүп кетесиң деп, айрыкча жаштар. Ушундай жолду басып өткөндөр болсо айтып кетсеңиздер.

Акча таап өз максаттарыма жетсем деп ойлойм. Ата-энемдин мойнунда отурбай.

3 thoughts on “Кыздар Москвага барса бузулуп кетет деген чынбы?
  1. Бизнес баштоо оңой эмес.биринчи билим ал,алган билиминдин мөмөсүн алуу үчүн анан ишке кириш.менин оюмча Москвага барып акча тапсаң эле даяр бизнести берип койбойт.айтышатго Москва үй-бүлөлүүлор үчүн деп.жаш жанына балта чаппа.эми эле 17де экенсиң.баары алдыда.биздин университеттерде жаш курак чектелген эмесго.мектепти бүтөрүн менен окууга тапшыр.кичине эле акча тапсаң окугун келбей калат.Москвага барба!

  2. Карындаш келгенинде айлана чойрон бузук болсо оной бузуласын чойрон жакшы болсо бузулбай тынч журосун Ошо учун чойрон жакшы болуш керек

  3. Чоон кыз ал адамдын озунон жакшы жакта айлана чойрону жакшы адамдар менен камсыздасан бары жакшы болот

Comments are closed.

Яндекс.Метрика