Видео

Кыздарды шылдың кылган блогер түз эфирде сабалды

Москвада кыргызстандыктар мекендеш блогерди түз эфирде сабап салышты. Видео түз эфирде көрсөтүлдү. Белгиленгендей тиктокер Каныбек Кудайбердиев кыргыз кыздарынын катышуусунда аларды уят иштерге үндөп, анын ордуна көптөгөн көрүүлөр жана популярдуулукка ээ болоорун убада кылган. Ал жалаң ушул өңүттө видеолорду тартып келген.

Белгиленгендей, кыздардын айрымдары жашы жете элек болгон. Мына ушундай берүүлөрдүн биринен кийин Москвада жашаган кыргызстандыктар блоггерди таап алышып, тиктокер өзүнүн жоруктары менен кыргыз аялдарынын намысына шек келтиргени үчүн аны машинага салып сабап салышкан.

Сабалган Каныбек Кудайбердиев кырдаал боюнча комментарий бергиси келбей, анда баары жайында экенин жана ал укук коргоо органдарына кайрылбай турганын билдирди. Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Видео:

Яндекс.Метрика