Видео

Кызды учура сүзүп кеткен окуя видеого түшүп калган. Айдоочу качып кеткен

Москва районунда жол кырсыгына шектүү жаран кармалганын Чүй ОИИББинин жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 29-апрель күнү саат 21:00дөр чамасында Москва районунун Петровка айылында белгисиз айдоочу БМВ үлгүсүндөгү унаа менен 1999-жылы туулган Д.Г.ны сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү жолдон өтүп баратканда светофор унаалар үчүн кызыл күйүп турганын видеодон көрүүгө болот.

Андан соң айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Оор абалда кыз тез жардам кызматы менен Москва районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча «Перехват» планы киргизилип, ыкчам-издөө иш-чаралары башталган. Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Москва РИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, «БМВ» үлгүсүндөгү унаа менен 2002-жылы туулган айдоочу А.З.Ж. кармалды.

Унаа айып жайга киргизилип, айдоочу А.З. андан ары иш кагаздарын жүргүзүү үчүн Москва РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Яндекс.Метрика