Жаңылыктар

Кызганычтан аялдын башын кесип салган адам башты кайсы жерге көмгөнүн көрсөтүп берди

Аялдын башы жок жансыз денеси табылгандан кийин кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 21-июнда милиция Кара-Балта шаарында башы жок аялдын сөөгүн таап, кылмышка күнөөлүүлөрдү издөөгө киришкен. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал киши колдуу болгон 1976-жылы туулган К.Н.нын чогуу жашоочусу болуп чыкты.

Ал Жалал-Абад облусунун аймагында жашынып, ошол жерден кармалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш кызганычтын негизинде жасалган. Чыр-чатак учурунда ал кыздын денесинин ар кайсы жерине 10 жолу бычак менен жаракат келтирип, андан соң башын кесип салган. Денени Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги дренаждык каналга ыргытып жиберген.

Ал кесилген башты денеден 200 метр алыс жерге көмүп салган. Шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өлтүрүлгөн адамдын башын көмгөн жерди көрсөткөн. Ал Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Керектүү экспертизалар дайындалвп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Яндекс.Метрика