Жаңылыктар

«Кызым Дария өлгөнү калды». Аселдин атын жамынып элден акча сурагандар көбөйдү

Ырчы Асел Кадырбекованын атын жамынып алдамчылык кылган адамдар көбөйүп жатат. Алар акча сурап Аселдин тааныштарына жазышат. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.

Белгисиз адамдар Аселдин атынан ырчынын тааныштарына вотсап аркылуу жардам сурап жазышууда.

Асел жүктөгөн видеодон бирөө 100 миң сом сурап «кызым Дария өлгөнү калды» деп акча сурап кайрылган. Анда ал дароо акча которуп жибергенин көрүүгө болот.

Мындан тышкары ырчынын атынан гив ойноткон аккаунттар жайнап кеткенин көрүүгө болот. Асел аларга алданбоого чакырат. Буга чейин Асел Кадырбековага коркутуулар болуп жатканы айтылган.

Яндекс.Метрика