Дүйнөдө Спорт

Легендарлуу Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши болуп өттү

Бүгүн, 29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында бокс тарыхындагы эң мыкты мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши болуп болуп өттү. Калыстар эки мушкерге тең мыкты деген баа берип, беттеш тең чыгуу менен аяктады.

Бул беттеш өзгөчө эрежелер менен өттү. Ар бир раунд 2 минутадан созулуп жалпы 8 раунд болду. Нокаутка уруксат берилген эмес, алгач алар башты коргоочу шлем менен чыгаары айтылган бирок мушташ шлемсиз өттү.

Майк Тайсон карьерасында 50 жолу жеңип, 6 жолу жеңилген. Рой Жонс болсо 66 жолу жеңип, 9 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Яндекс.Метрика