Жаңылыктар

Лейлекте айыл башчысын тажиктер барымтага алып кетишти

Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди бүгүн эртең менен Баткен облусунун Лейлек районунан тажиктер барымтага алып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Иллюстрация

Алардын айтымында, Интернационал айылынын тургундары кечээ кечинде үйлөрүн толугу менен таштап кетишкен. «Белгилүү болгондой, эки үйдү тажиктер басып алып, бирөөсү өрттөлгөн.

Бүгүн эртең менен айылдын башчысы каза болгондордун сөөктөрүн алып кетүү үчүн өзү жалгыз айылга барган, ошол учурда ал туткунга алынып, Тажикстандын аймагына жеткирилген», — деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Маалыматты Баткен ОИИБинен тастыкташты. Чек арадагы жаңжал 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунун аймагында башталган. Оозеки уруш мушташка айланып, тараптар бири-бирине таш ыргыта башташкан. Андан кийин атышуу башталып кеткен.

Кыргызстанда 134 жабырлануучу медициналык жардамга кайрылып, 13 адам каза болду, анын ичинде 12 жаштагы кыз бар. 29-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү боюнча макулдашышкан. Ага карабастан түндө тажиктер Лейлек районуна кирип үйлөрдү өрттөп салышкан.

Соңку маалыматка караганда, айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти.

Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланды. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.

Тажикстан тарап 20 ашуун адамдан айрылганын жазышууда.

Белгилей кетсек, Головной суу бөлүштүрүүчү пункту Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башатында жайгашкан.

Эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев баштаган депутат Айбек Осмонов, Акылбек Кемелов, Урмат Самаев Баткен облусуна жөнөп кетишти. Бир канча мүнөттөрдө эл менен жолугушуп, жергиликтүү калкка гуманитардык жардамдарды таркатып беришери күтүлүүдө.

Яндекс.Метрика