Люксембургда баланы тепкен адам кармалды
Люксембург айылында дүкөндүн жанынан баланы тепкен шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, окуя кечээ 20-апрелде болгон. Жергиликтүү тургун милицияга кайрылып, жети жаштагы уулуна залал келтирген адамды табууну суранган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Укук коргоо органдары 27 жаштагы М.Н.ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Керектүү экспертизалар дайындалды.