Жаңылыктар

«Мүрзөдө өлтүрөбүз» деп карыяны коркуткандардын өздүгү такталды

Уулгайган адамды өлтүрөм деп коркуткан жигиттердин иш-аракеттерине ылайык, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, балдар «Кочкордогу улгайган кишини унаага отургузуп, аны мүрзөдө өлтүрүп салабыз деп коркуткандыгын» видеого тартып алышкан.

«Бул факт Кочкор РИИБде катталган. Видеону тарткандардын өздүгү аныкталды: Алар Кочкор районунун тургундары 1993-жылы туулган Ж.А жана 1994-жылы туулган М.М. Ошол эле күнү алар РИИБге жеткирилген.

Учурда Кочкор РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси («Адамды уурдоо») боюнча сотко чейинки иш-аракеттер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда бир нече жигит көрүстөндө адамды өлтүрөм деп коркуткан видео тараганы кабарланган.

Яндекс.Метрика