Жаңылыктар

Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишмердүүлүгүн токтотту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин кабыл алды. Ведомстводон билдиришкендей, мындай чара маалыматтык мейкиндикте Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына каршы келген такталбаган материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалымат) байланыштуу.

16-сентябрда Маданият министрлиги Current Time ресурсуна (Азаттык медиасынын ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аталышындагы материалда кастык маанайдагы сөздөрдүн элементтери колдонулган, кыргыз тараптын Тажикстанга болжолдуу чабуулу тууралуу такталбаган маалыматтар, коомдогу кырдаалды курчутуп, жек көрүүчүлүктү, дискриминацияны жана жарандардын ортосундагы ажырымды жараткан маалыматтар камтыганын билдирген.

Министрлик 17-сентябрда “Азаттык медиасына” жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жолдогон.

«Бирок бул кайрылууга көңүл бурулбай, «Азаттык Медиа» жооп берген жок жана тиешелүү чаралар көрүлгөн жок», — деп айтылат маалыматта.

Андыктан, Маданият министрлиги “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 24-октябрдагы катты “Азаттыкка” дароо (арыз берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде) материалды өчүрүү өтүнүчүн жөнөткөн.

Маданият министрлигине “Азаттык медиасынан” жооп келип, алардын платформасынан материалды алып салуу иштери жүрүп жатканы айтылган. Бирок бүгүнкү күнгө карата видеотасмалар өчүрүлө элек. Буга байланыштуу Маданият министрлиги хостинг/интернет провайдерлери менен байланыш операторлорун, “Азаттык Медиа” сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу чечимин кабыл алды.

“Азаттык” сайты “Азаттыктын” жана “Current Time” телеканалынын айланасындагы кырдаал боюнча “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флайдын билдирүүсүн жарыялады.

«Биз бул материалдын мазмунун карап чыктык жана стандарттарды бузууну тапкан жокпуз. Кремлден болобу, кыргыз өкмөтү болобу, биздин сайттардан тең салмактуу контентти алып салуу кысымына алдырбайбыз», — деген ал.

Яндекс.Метрика