Жаңылыктар Саясат

Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө. Бул тууралуу 24.kg сайты өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Парламентарий бүгүн суракка чакырылганы такталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча күбө катары сурак берип жатат. Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Баткен облустук телеканалына берген маегинде облустун жерлерин сатуу боюнча иликтөө иштери жакында башталарын билдирген.

«Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Бул учурда суракка ала албайбыз. Шайлоодон кийин суракка алып, тыкыр иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Саткындарга эскирүү мөөнөтү болбошу керек», — деген ал. Анда Адахан Мадумаров депутаттыкка талапкер болгон.

Яндекс.Метрика