Саясат

Мадумаров: Жалгыз оппозициялык партия «Бүтүн Кыргызстан» болчу

Өлкөбүздө шайлоо болбой жатып акыйкатсыздык өкүм сүрүп жатса шайлоо таза өтөөрүнө ким ишенсин. Шайлоодо бийликчил үч партия алдыңкы 3 орунду алса эч ким таң калбайт. Бирок бул жол менен бара берсе арты кандай болот аны бийликтегилер ойлонушпаган сыяктуу.

Жападан жалгыз оппозициялык партия эсептелген «Бүтүн Кыргызстанды» үгүт иштерине бир күн калганда болбогон шылтоонун негизинде шайлоодон четтетип салышты. Андан оор мыйзам бузган бийликтин «Кыргызстан» партиясын бир эмес эки сот заматта актап салышты. Азыркы бийлик түшүнүп турат «Бүтүн Кыргызстан» парламентке өтүп келсе бийликтин «чекесине чыккан чыйкан» болорун. 100 миң деген шайлоочулары бар партия бул шайлоодо өтөөрүн түрлүү сурамжылоолор көргөзүп турганын Мадумаров билдирди:

— «Бүтүн Кыргызстан» бүгүнкү бийликке оппозицияда турган жападан жалгыз элдик партия. Бардык сурамжылоолордун жыйынтыктарын карап көрсөңөр, башка партиялардан бир ат чабым, 21% чейин алдыда кетип баратат. Булардын титиреп кеткендиги ошол болду. БШКнын чечими тыныгуу учурунда 40 мүнөттүн ичинде өзгөрүп кетти, демек жогору жактан чалуу болду деп билсек болот.

Бул чечим туура эмес экенин «Чоң казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрү дагы айтып чыгышты.

Жалгыз оппозициялык 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны атайлап шайлоого катыштырбай койгону саясаттан түшүнүгү жок адамга дагы көрүнүп турат.

Яндекс.Метрика