Жаңылыктар

Мадумаровду Ысык-Көлгө киргизбей коюштубу?

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштамак экен. Көлгө бара жатканда «жолугшууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз» деген маалыматты угуп кайра артка кайтышкан. Бул тууралуу Орозайым Нарматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мадумаров бүгүнкү агитацияны Ысык-Көлдөн баштамак. Бир провокатор уяты жок кандидаттын айынан «Балапандын да уясы бузулбасын»-деп белгисиз мөөнөткө калды жолугушуу. Ошол кандидат 100гө жакын зекти, бандитти жалдап «жолугушууга баргандардын үйүн өрттөйбүз»-деген ураан менен жүргөн маалыматты алдык. Күндөр келет өзү айтмакчы келгени оңой болсо кетиши оор болот!» — деп билдирүү калтырган.

Яндекс.Метрика