Жаңылыктар

Маевка айыл өкмөтүнүн депутаттары жергиликтүү «Тазалыкты» сатып жатышат

Аламүдүн районунун Маевка айылдык кеңешинин депутаттары жергиликтүү «Тазалык» — коммуналдык (муниципалдык) «Кызмат-Маевка»ишканасын жеке компанияга сатууну чечишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымат каражаттарына билдиришти.

Айыл өкмөттүн экономикалык бөлүмүнүн башкы адиси Кубанычбек Таировдун айтымында, жума күнү айылдык кеңештин депутаттары жыйын өткөрүп, анда муниципалдык ишкананы жеке компанияга сатуу чечими кабыл алынды.

«Алар бардыгын сатыпжатышат: жайыттар, сугат жерлер, үлүш жерлер. Мындан бюджетке эч кандай тыйын түшпөйт. Мурунку айыл өкмөттүн башчысы Руслан Алиев бул кызматта 17 жыл иштеген. Октябрь окуясынан кийин ал качып кеткен. 600 гектар мамлекеттин жеринен 13 участокту 6-7 миң долларга сатты. Кылмыш иштери ачылган, бирок натыйжа болгон жок. Ал тургай айыл өкмөттүн имараты ижарада турат.» — деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Яндекс.Метрика