Жаңылыктар

Мактым Кожонова суукка тоңуп каза болгону белгилүү болду

Баткенде дээрлик 2 ай белгисиз жоголуп кетип, кийин жансыз денеси табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмүнө жасалган соттук-экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирген алдын ала маалымат боюнча ал суукка тоңуп каза болгон болушу мүмкүн.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ал киши колдуу болбой каза болгондугу аныкталганын басма сөз кызматы тараткан.

Окуянын чоо-жайы:

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Кожонова Мактым өзү жашап жаткан үйүнөн 2020-жылдын 23-ноябрь күнү болжол менен саат 20:30дар чамасынды чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Балдарынын айтуусунда ал ошол күнү кечинде белгисиз тарапка басып кеткен, телефону үйдө калган, көп өтпөй кызы артынан барып таппай калган. Ал эжесиникине же кошуналарга барышы мүмкүн экенин айтышкан. Бирок эч ким көргөн эмес. Күйөөсү менен урушуп кеткен деген божомолду балдары четке кагышты. Келининин айтуусу боюнча ал акыркы 2 күн бою өзүн жаман сезип, бир нерсеге кыжаалат болуп жүргөн. 2 ай бою изделип эч жактан табылган эмес, издөөгө 200дөн ашык адам тартылган.

Яндекс.Метрика