Мариповдун ордуна келген Айжан Садыркулованын өмүр баяны
Эсептөө палатасынын төрайымынын милдетин аткаруу аудитор Айжан Садыркуловага жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-февралда кол койгон.

Өмүр баяны:
Садыркулова Айжан Медетовна
Туулган жылы: 15.04.1979
Туулган жери: Бишкек шаары
Улуту: кыргыз
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
Билими: жогорку, 2001-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган
Адистиги: юриспруденция
Тилдерди билүүсү: кыргыз, орус, англис
Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.
Айжан Садыркулова маркум Медет Садыркуловдун кызы болот.

Эмгек жолу:
10.2001 — 08.2004 «Партнер» юридикалык фирмасы. Адвокаттын жардамчысы
08.2004 — 04.2016 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. Юрист
04.2016 — ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы
Буга чейин аталган палатаны Улукбек Марипов башкарып келген.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул айымдын сулуулугуна өзгөчө көңүл бурушууда.