Жаңылыктар

Маршруткада толгоосу башталган аялды төрөт үйүнө жеткирген айдоочу сыйланды

Бишкекте кичи автобустун айдоочусу аялды төрөт үйүнө өз убагында жеткиргени үчүн сыйланды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, №214 кичи автобустун айдоочусу Азамат Рысалиев толгоосу келип калган аялды №1 төрөт үйүнө жеткирүүнү чечкен.

Усенбаев көп сандаган жүргүнчүлөрү менен баратканына карабай аялды төрөтканага жеткирген. Рысалиевди Транспорт министрлигине караштуу Жер-суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы Ардак грамота менен сыйлады.

Айдоочунун айтымында Бөкөнбаев көчөсүндө кетип бара жатышканда маршруткада эл ызы-чуу боло баштаган. Анан эле бир аялдын төрөй турган маалы келип калганы белгилүү болгон. Жүргүнчүлөр такси чакырууну айтышкан. Анда айдоочу жүргүнчүлөрдөн аялды төрөт үйүнө алып барууга эч ким каршы эмеспи деп сураган. Баары макул болушкан. Эң жакын №1 төрөт үйү болгондуктан дароо ал жакка алып барып аялды киргизип, андан ары кетишкен.

Яндекс.Метрика