Окуялар

Маршруткада жалгыз калган кыз башка жүргүнчү тарабынан ыплас окуяга кабылган

Шаар тургуну борборубузда каттаган маршруткалардын биринде ойго келбеген ыплас окуяга туш болгонун жазып чыкты.

«Мен бардык аялдарга кайрылгым келет, кайда болбогула этият болуп жүргүлө, өтө коркунучтуу заманда жашап жатабыз! Мен абдан жагымсыз кырдаалга туш болдум. Саат 16:00 чамасында жогорку Асанбайдагы чиркөө жактан №243 кичи автобуска түштүм.

Ичинде эч ким жок экен. Арт жактагы бир орундукка барып отурдум, менден кийин азиат улутундагы 25-28 жаштардагы эркек киши кирип келди. Лупа сыяктуу чоң көз айнек тагынган экен, ал менин артыма отурду.

Мен кулакчын тагынып музыка угуп бараткам. Бир маалда кимдир бирөө менин чачымды кармалап жатканын сезип, артыма бурулуп эмне болду деп сурасам, ал эч нерсе деп жооп берди. Мен эч нерсе ойлобостон чачымды түздөп жатып чачтарым суу болуп

калганын сездим. Эмне болгонун түшүнө албай жаттым. Анан байкасам сперма экен! Көргөн көзүмө ишене албай чоочуп кеттим. Көрсө ал артымда отуруп өзүнүн ишин кылып чачыма шыбап жатыптыр. Айдоочудан токтоосун сурандым, тиги болсо качып чыгып кетти.

Мен шок абалда калып, ыйлап жибердим. Коомубуз бузулуп баратат, бирок ушунчалыкка жетип калганына такыр ишене албай турам. Ушундай аңкоо адамдар менен жанаша жашап жатканыбыз окүндүрөт.» — деп жазган мекендешибиз. Окуянын орусча жазылган түп нускасын төмөндө окуй аласыздар:

Яндекс.Метрика