Видео Жаңылыктар

Маршруткада жол акысын 100 сомго чыгарып, күтүп турган элди шылдыңдаган айдоочунун видеосу

Бишкек шаарынын маршруттук каттамдын айдоочулары 2 күндөн бери иш таштап жумушка чыкпай жатышат. Алар мэриядан жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып жатышат.

Бул учурда такси айдоочулары жол акысын 4-5 эселеп кымбаттатып элдин чөнтөгүн кагып жатышат. «Яндекс таксиге» нааразы болгон шаар тургундары социалдык тармактарга нааразы постторду жазышууда.

Мындан тышкары маршрутка айдоочусу чогулуп турган элди шылдыңга алып жол кире баасын 100 сом деп элдин кыжырына тийген видео тарады.

Видео:

Мындан тышкары шаар тургуну такси айдоочуларына нааразы болгонун айтып чыкты:

«Азыр элдин көбү кыйналып жашап жаткан учур, мен кечээ жумуштан кийин үйгө барыш үчүн аялдамада бир топ күтүп турдум. Маршрутка келбей турганын чогулган элден угуп, жээкте тизилип турган таксисттерден Шабдан баатыр көчөсүнөн 6-кичи районго барыш үчүн канча болот десем 400 сомдон жогору дешти.

Баары сүйлөшүп алышыптыр, эч кимиси андан ылдый болбостугун айтышты. Ачуум келди, ушундай учурда карапайым элди азапка салып, акча таап алалы деген айдоочулар аман эле болгула.»-деп жазган шаар тургуну.

Дагы окуңуз.

Яндекс.Метрика