Видео Спорт

«Маселени чечебиз». Тажик мушкери Дастан Шаршеевге жооп берди

Буга чейин кыргыз мушкери Дастан Шаршеев беттешке чакырып коюп дайыны чыкпай калган тажикстандык мушкер Умед Музофирбековго кайрылып, беттештин качан болорун сураган.

Арадан көп убакыт өтпөй коңшу өлкөнүн мушкери Дастан Шаршеевге жооп берди.

«Алейкум ассаламу, Дастан. Мен кайсы убакыт болбосун даярмын. Жакында экөөбүздүн беттешчү жерибиз аныкталат жана экөөбүз беттешебиз. Бул маселени чечебиз», — деп жооп берди Музофирбеков.

18-майда Дастан Шаршеев тажикстандык мушкер беттешке чакырганын айтып, аны менен беттешүүгө даяр экенин билдирген. Дастан Шаршеев бир күндө 3 тажик мушкери менен беттешүүгө даяр экенин билдирген.

Видео:

Яндекс.Метрика