Билип ал

Машина сатып алууда сөзсүз керек болгон 5 кеңеш. Эмнелерге көңүл буруу керек?

Унаа сатып алуу чоң чыгымдардын бири. Жаңы автоунааны сатып алууга мүмкүнчүлүк көптөрдө жок, ал эми базардан кемчилиги жок колдонулган унаа табуу дээрлик мүмкүн эмес. Дээрлик ар бир автомобилдин жашыруун кемчиликтери болот. Мындан тышкары, күмөндүү унаа сатып алуу коркунучу бар. Мисалы,  уурдалган же банктын күрөөсү катары тургандар да болот.

Биринчиден, сатып алуучу сатып алууну пландап жаткан модель жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат топтоосу керек. Веб-сайттар, автомобиль тууралуу гезиттер ал машиненин кемчиликтери жана жакшы жактары жөнүндө билүүгө жардам берет. Мындан тышкары, популярдуу онлайн жарнама платформаларына баш багып, ушул сыяктуу моделдеги унаалар жөнүндө маалыматтарды чогултуу керек. Бул автоунаанын орточо базар баасын аныктоого жардам берет.

Унаанын тарыхын изилдеңиз

Сатып алаардан мурун, унаанын документтерин кылдаттык менен окуп чыгыңыз. Эгер машинени онлайн карап жатсаңыз сатуучудан керектүү маалыматтарды жөнөтүүсүнталап кылыңыз, айрым маалыматтарды үйүңүздөн чыкпай туруп билип алсаңыз болот. Унааны онлайн режиминде мамлекеттик номери аркылуу билсе болот.Мисалы carchek порталы аркылуу.

Кузовду кылдаттык менен карап чыгыңыз

Базарга барсаңыз машинанын кузовун жакшылап карап чыгыңыз. Кээ бир кемчиликтерди жөнөкөй көз менен табууга болот: кичинекей тешиктер, чийилген жерлер, дат, түстөрдүн дал келбестиги, шпаклевка же праймерди (праймер бул-тунук желим, же скотч сыяктуу чапталат) байкоо оңой. Ошол эле учурда, туура жасалган косметикалык оңдоо унаанын иштешине таасир этпейт. Бирок, бул кемчиликтер унаанын баасын түшүрөт.

Моторду текшериңиз

Капотту ачып караңыз. Жаракаларды, кошулган жерлерин, май акканын кароо керек. Кыймылдаткычтын туруксуз иштеши, бөтөн дабыштар, саркынды түтүктөн чыккан боз же кара түтүн. Моторду атайын адиске текшертип алсаңыз эртеси өкүнбөйсүз. Алар унааны кылдаттык менен карап чыгып, кайсы механизмдерди алмаштыруу керектигин айтып беришет, ошондой эле баалар боюнча кеңеш беришет.

Жүрүү бөлүгүн текшериңиз (Ходовка)

Кыргызстандын жолдорунда жүрүү бөлүгүн (ходовая часть) жакшы абалда кармоо дээрлик мүмкүн эмес. Мындан тышкары, рычагдардын, тирөөчтөрдүн, амортизаторлордун жана башка элементтердин абалы чыныгы километражы одометрдин көрсөткүчүнө туура келишин аныктоого жардам берет. Сатып алуучу машинаны айдап көрүшү керек. Айдап бара жатканда кыркылдаган, кагуулар жана башка бөтөн үндөр чыкпашы керек. Сиз өзүңүз айдап же ээсинен керектүү маневрларды жасоону сурансаңыз болот. Мисалы, катуу бурулуш, ылдамдануу жана катуу тормоздоо. Эгер ээси бул мүмкүнчүлүктү сатып алуучуга бербесе, анда анын жашыра турган бир нерсеси бар.

Салондун абалын текшериңиз

Кыймылдаткыч бөлүмүн текшергенден кийин салонго барсаңыз болот. Чийилген жерлерин, жаракаларын караңыз. Эскирген педаль жана руль узак мөөнөттө пайдаланганын көрсөтүп турат, ал эми ашыкча эскирген орундар такси катары колдонулгандан кабар берет.

Ошондой эле электр терезелери, ички жарыктар, кондиционер, жылытылган отургучтар жана башка параметрлер иштеп жаткандыгын текшерип көрүү керек. Бааны арзандатуунун себеби иштебей турган терезелер, алдыңкы айнектин жаракасы.

Мына ушуларды билип алгандан кийин сиз атайын адистен кем эмес болуп өз алдыңызча унаа тандасаныз болот.

Яндекс.Метрика