Жаңылыктар

Матраимовдор: Бизди эч ким кармаган жок

Раим Матраимовдун бир тууганы Руслан Матраимов билдирүү таратты. Ислам жана Руслан Матраимовдор эч жакка качкан эмес. Анын айтымында аларды эч ким кармаган эмес, алар кылмышкер дагы эмес.

«Мени жана иним Исламды эч ким кармаган жок, биз азыр Кара-Суудабыз, элге жардам көрсөтүп жатабыз. Биз эч кандай кылмыш кылган жокпуз, кылбайбыз дагы эмнеге бир жакка качышыбыз керек. Бизди миңдеген адамдар колдойт, айрым адамдар бизди каралап жатышат. Биз эл мененбиз»-деди Руслан Матраимов.

Эске салсак кечээ, 7-октябрь күнү кечинде Тилкек Матраимов Кыргыз-Өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп бараткан жеринен кармалган. Анда алардын жакындары, бир туугандары дагы болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган.

Яндекс.Метрика