Жаңылыктар

Матраимовдун уулунун үйлөнүү тою жашыруун өттү. Ал кимдин кызын алды?

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов уулунун тоюн «Шератон» мейманканасында өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, үйлөнүү той кечээ, 20-ноябрда өткөн. Салтанаттуу иш-чара тууралуу бардык маалыматтар катуу жашыруун сакталган. Ошол эле маалда тойго келгендерге фото, видео тартууга тыюу салынып, кире бериштен уюлдук телефондорун алып коюшкан.

Маалыматка ылайык, тойго өлкөнүн бир катар саясатчылары катышкан, бирок иш-чаранын негизги катышуучулары Кыргызстандын бажы кызматынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери болгон.

Өздүк булактардан улам Райым Матраимовдун уулу Бакай Матраимов менен уйгур ишкери Хабибула Абдукадырдын кызынын үйлөнүү тою болгону белгилүү болду. ЖМКлардын маалыматына караганда, алардын үйлөнүү тою быйыл жаз башында өтмөк.

Бакай Матраимов
Яндекс.Метрика