Жаңылыктар

Мегакомду таштап Садыр Жапаровго үгүт кылуу үчүн Таласка кетти

MegaCom компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков Талас облусуна президенттикке талапкер Садыр Жапаровго үгүт жүргүзүү үчүн кеткени такталды.

Бул маалыматты компаниянын басма сөз кызматы тастыктады. MegaCom компаниясынын маалыматы боюнча, Төрөхан Жунусбеков 14-декабрда акы алынбай турган эмгек өргүүсүнө чыккан.

Жунусбеков Мегакомго кызматка киргенден кийин Фейсбук баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго үгүт иштерин жүргүзгөн. Бул боюнча БШКга арыз келип түшкөн.

Эскерте кетсек, «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков MegaCom компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп декабрь айынын башында дайындалган. Ал «кесипкөй» митингчи болуп саналат. Шайлоодон кийинки башаламандык учурунда ал Бишкек шаарынын мэриясын басып алып, борбордун муниципалитетинин башчысынын милдетин аткарууга аракет кылган.

Яндекс.Метрика