Саясат

«Мекен Ынтымагы» партиясынын программасы

Урматтуу КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Мамлекетибизде, адамдардын тар чɵйрɵсүнүн кызыкчылыктарын коргоп, тейлеп келген башкаруу тутуму орун алып турган кезде, социалдын адилеттүүлүктү камсыз кылуу, улуттук экономиканы ɵнүктүрүү мүмкүн эмес. Мартабалуу бийлик жана капиталга ээлик кылышкан, адеби «тар чɵйрɵ» болгон адамдар, кайрадан бийлик бутактарына келүү үчүн ɵзүнүн дасторконунан калдыктарын элге ыргытат (берип келет). Абийирсиз, текебер   адамдар акчасы менен бийлигин сактап калуу үчүн бардыгына даяр болуп турушат. Текебер адамдар, дүйнɵ жүзүндɵгү эң пас адам болуп саналат эмеспи.

Мен, Темирбек Асанбеков, 10 жыл аралыгында Кыргызстандын ар кыл шаарлары менен айылдарын кыдырып келем, ата-мекенибиздин жашоочулары менен жолугушуп, биздин азыркы абалыбыздын себептерин түшүндүрɵм.  Мага канчалык кыйын болбосун, жаш муун катарынан, ɵз укуктары менен эркиндигин сабаттуу коргой алган, алган билимин биздин ɵлкɵнүн гүлдɵп ɵсүүсү үчүн жумшаганга даяр болгон, акылга бай келген инсандарды талбастан тарбиялап келем. Эми болсо, менин татыктуу шакирттерим, Мекен Ынтымагы партиясынын мыкты ɵкүлдɵрү, эл алдына ишенимдүү чыгып, мурда биз шайлап келген саясатчылар менен партиялардын жоопкерсиздигинен улам топтолуп калган кɵйгɵйлɵрдү чечүү жолдорун сунуштап жатышат. Сиздер менен биргеликте, алдыдагы шайлоо учурунда биздин күчүбүздү, биримдигибизди жана намысыбызды далилдей алабыз! Биз биримдиктүү болсок, БИЗ жеңилбеспиз! Урматтуу мугалимдер, дарыгерлер, интеллигенция ɵкүлдɵрү, дин ишмерлери, мамлекеттик түзүм кызматкерлери.  Бүгүнкү күнү араңарда КОРКУНУЧ жели согуп турат. Силер мамлекеттен алып турган арзыбаган ашыңардан айрылуудан коркоп турасыңар. Бирок, силердин аракеттенбегендигиңер, кɵптɵгɵн адепсиз начар адамдардын бийликти кармап туруусуна кɵмɵк кɵрсɵтүүдɵ. Бийлик тутумундагы талоончулук биздин миллиондогон мигранттарыбыздын, аз камсыз болгон үй бүлɵɵлɵрдүн, катардагы жарандардын трагедиясына айланууда.  Коркоктукту жеңип чыгууга жана эр жүрɵктүк менен чечкиндүүлүктү камчыланууга кезек келди!

Ɵлкɵбүз медицина, билим берүү жана маданият, мамлекеттик коопсуздук маселелерин чечүүгɵ эч бир кудурети жетпегенине ɵзүңɵр күбɵ болдуңар. Татыктуу билим алган балдарыңар болсо, келечегинин жоктугунан ɵлкɵдɵн кетип жатышат. Жаш муундун жана адистердин олуттуу агылып чыгуусу, мамлекетти алсыздандырып, биз болсо улуттун ɵзүн жок кылып коюу коркунучуна келип кириптер болобуз.  Адам капиталы мамлекеттин ɵнүгүүсүнүн башкы байлыгы жана ресурсу болуп саналат. Эгерде КЫРГЫЗСТАНДА ɵзгɵрүүнү, жакындарыңардын жана туугандарыңардын байгерчиликте, жакшы жашоосун каалаган болсоңор – күтпɵгүлɵ! Эркиңерди билдиргиле жана Ата-Мекенибиздин келечеги үчүн жоопкерчиликтүү болгула. Ал, биздин ɵлкɵнүн ар бир жаранынын ыйык милдети!

Кымбаттуу мекендештер!

Назарыңыздарга «Мекен Ынтымагы» партиясынын социалдык-экономикалык программасынын НЕГИЗДЕРИН сунуштайбыз. Аталган моделди жүзɵгɵ ашыруу, Кыргызстандын социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн башаты болот деп билебиз! Саясый туруктуулук экономикалык ɵсүштүн негизги факторунан болуп саналат. Тиешелүүлүгүнɵ жараша биз, коомдун ар бир катмары менен конструктивдүү диалог жүргүзүп, реформаларды ɵткɵрүү зарылчылыгын түшүндүрүү иштерин аткарабыз. Эң башкысы, мындан ары экономикалык соккудан оолак болуу үчүн натыйжалуу жана кесипкɵйлүк менен иш алып барган, реалдуу талдоо менен макроэкономикалык изилдɵɵнү алып жүрүүгɵ жɵндɵмдүү аткаруу органын түптɵп алуу абзел. Ал жок жумушсуздук кризисин, ɵндүршүтүн ɵсүшү кɵйгɵйлɵрүн, улуттук кирешенин ɵнүгүүсү, акча-кредит саясатын, фискалдык саясатты чечүү мүмкүн эмес. Жагымдуу макроэкономикалык шарттар улуттук экономиканын корголуусун, ɵсүшүн жана ɵнүгүшүн камсыз кылып турат.

Жогорудагы айтылган мамлекеттин социалдык-экономикалык кɵйгɵйлүү маселелерин чечип, элдин турмушун жакшыртуу максатында тɵмɵндɵгү 15 пункттан турган партиянын программасын сунуштайм:

1. Энергетикалык кубаттуулукту генерациялоо жана энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны баштоо өкмөттүн артыкчылыктуу жана кечиктирилгис милдеттеринен болушу керек. Улуттук экономиканын энергоресурстарга болгон керектөөсүн жаңыланган жана жеткиликтүү энергобулактар долбоорлорун ишке ашыруу өлкөбүздүн гидроресурстары аркылүү чечүү өзгөчө маанилүү. Кыргызстандын энергетикалык тармагынын потенциалы энергия булактарын экспорттоого жана ал аркылуу улуттук кирешени көбөйтүү жөндөмүнө ээ.

2. Биз дыкат, терең анализдеп иштеп чыккан жана сунуштаган программа Кыргызстандын географиялык, табигый-климаттык, адам ресурстук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлдү жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого багытталды. Жогорку сапаттагы инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгып, тейлѳѳ багытындагы  экономикалык тармактардын ѳнүгүүсүнѳ ынгайлуу шарттарды негиздейбиз: эл аралык деңгээлдеги сервисти камсыз кылуу менен сапаттуу туризм,  жогорку билим берүү, заманбап медициналык тейлѳѳ сунуштарын өнүктүрөбүз. Тейлѳѳ көрсөтүү рыногун, биз калкка сапаттуу билим берүүгѳ жол ачып, орто жана чакан ишканаларды уюштуруу шарттарын камсыздоо менен ишке ашыра алабыз. Бул багыт жаңы жумуш орундарын түзүүнүн булагы жана калктын социалдык жактан кыйналган чет ѳлкѳдѳгү эмгек мигранттарыбызды Ата-Мекенине кайтаруунун жалгыз жолу.

3. Мамлекеттин  азык-түлүк коопсуздук маселеси жана биздин айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн премиум  сапаттагы продукцияларын эл аралык соода базарына алып чыгуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын агрардык секторунун негизги өнүгүү багыты болот. Бул региондордогу жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүчү, улуттук кирешени көбөйтүүнүн кошумча булагына айланат. Бүгункү кундө бул тармак төмөндөөнүн үстүндө, бийлик институттарынын активдүү көмөгүсүз өз алдынча атаандаштыкка туруштук бере албайт. Жеткиликтүү каржы институттарысыз, илимий жана заманбап агротехнологиясыз жана тиешелүү инфраструктурасыз Агрардык секторду өнүктүрүү мүмкүн эмес. Биз Фермердик чарбаларды өнүктурүүнун конкреттүү механизмдерин, өндүрүлгөн продукцияны сактоонун заманбап технологияларын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн ыкмаларын  сунуштайбыз. Айдоо себүү иштери башталганга чейин мамлекеттик органдар тарабынан убадаланган баада, айыл чарба продукцияларын мамлекеттик кабыл алуучу базаларды ачуу. Республикалык деңгээлде муктаждыктарды жана тейлѳѳнү жеңилдеткен чарбачылык биригүү союздарын негиздѳѳгѳ түрткү болобуз. Керемет жайыттарыбызды, асыл-топурактуу түшүмдүү жерлерибизди жана суу ресурстарыбызды сапаттуу деңгээлде сактап калууга милдеттүүбүз. Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоону токтотууга мезгил келди жана ал мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болуш керек.  

4. Ѳкмѳт жеңил ѳнѳр жайын колдоого жана андан ары ѳнүктүрүүгѳ активдүү киришет. Тигүү тармагынын продукцияларын ѳндүргѳн улуттук ишканалар айлантуу акча каражаттар булагына муктаж. Ѳзүбүздүн улуттук ишканаларды колдоо жана эл аралык базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктѳрүн жогорулатуу максатында атайын каржы фонддору негизделет.

Бүгүнку күндө тигүү өндүрүшүндө иш алып барган ишканалардын негизги чыгашаларын: арендалык чыгашалар, комуналдык төлөмдөр жана бийлик органдары тарабынан текшерүүчу органдарга болгон чыгымдар  түзөт. Ошондуктан өндүрүшкө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана чыгашаларына мамлекет тарабынан субсидия берүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнɵ  караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги СНиП тин  заманбап стандарттарын, нормативдик-укуктук ченем актылары  иштеп чыгат. Социалдык, билим берүү, спорттук, маданий жана стратегиялык объектилердин курулушуна, сапатына жана куруу мөөнөтүнө мамлекеттик көзөмөл органдары гана жооптуу болот. Бюджеттик каражаттарды колдонуу менен Мамлекеттик объектилерди курууга жогорку репутацияга ээ улуттук чарба субъектилери гана укуктуу болот.  

5. Эгер биз парламентте көпчүлук орунга ээ болуп чечим кабыл алуу укугуна ээ болсок өлкөнүн каржы документин кабыл алууда (мамлекеттик бюджет) билим берүү, саламаттыкты сактоо жана өлкөнүн коопсуздук орган кызматын, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө биринчи кезекте артыкчылык берилет. Билим берүүнүн, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын  көтөрүүнүн так механизмдери кɵрсɵтүлгɵн Өкмөттүн башкы жана өзгөчө жоопкерчиликтүү Улуттук долбоору болот.

Маданияттын, билим берүүнүн, медицинанын, коопсуздук органдарынын мыкты адистерин турак жай менен камсыз кылуу жана эмгегине жараша материалдык сыйлоо боюнча мамлекеттик социалдык коргоо программасы кабыл алынат.

6. Сапаттуу, билимдүү адистерди тартуу максатында: карералык өсүүнүн, татыктуу эмгек акынын бекем принциптерин камсыз кылган Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынат. Ишти кынтыксыз аткаруу, эмгектеги мыкты көрсөткүчтөр сөзсүз түрдө бааланууга тийиш. Учурдагы мамлекеттик чиновниктердин арасындагы масштабдуу коррупция негизинен социалдык гарантиялардын жоктугунан, келечеке болгон ишенимдин жоктугунан жана эмгек акынын төмөндүгүнөн болуп жаткан себептердин бири. Бул көрунүш катардагы мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, врачтар, укук коргоо жана аскер кызматтарынын кенже офицерлеринде жана сержанттарда өзгөчө байкалууда жана жаш, сапаттуу адистердин мамлекеттик кызматтан кетүүсүнүн эң негизги себептеринен болуп саналат. Бийлик институттарынын ишмердигинин алсыздыгынан, потенциалдуу инвесторлорду юридикалык жактан коргоо жана алар үчүн жагымдуу атмосфера калыптанган эмес. Эл аралык интеграциялык процесстерде  пассивдүүлүгүбүздү, мамлекеттик кадр саясаты институттарыбыздын чабалдыгын көргөзүп жатабыз. Улуттук экономикабыздын ѳзгѳчѳ  өнүгүү  моделинин  жоктугу кѳз каранды экономикалык саясатты  жана тилемчилике багытталган жолду улантууга аргасыз кылууда. Гранттарды жана каржылык жардамдарды тыштан чеги жок издей берүү жыл өткөн сайын мамлекеттин ички өнүгүү потенциалын талкалоодо.

7. Каржылык, юридикалык аудиттин жана аналитикалык иштердин жыйынтыгы менен биз ашыкча бюрократиядан, бирин-бири кайталаган бийлик институттарын кыскартып, азыркы мамлекеттик бюджеттин чегинде кызматкерлер үчүн зарыл болгон жетиштүү эмгек акы фондун түптөйбүз. Бийлик өкулдөрүнүн турмуштук абалы жана бакыбаттуулугу алардын ишинин сапаттуу аткарылган  жыйынтыгына жана улуттук кирешенин өсүшүнө  түздѳн түз байланышта болот.

8. Улуттук өнүгүүнүн атайын мамлекеттик фонду түзүлѳт. Фонддун натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн эсебинен түшкөн каражат тышкы мамлекеттик  карызды жабууга багытталат. Тышкы карызды жабуу боюнча негизги жүктөн арылгандан кийин фонддун негизги финансылык каражаттары улуттук экономиканы колдоого жана өнүктүрүүгө багытталат. 

9. Өлкөнүн географиялык өзгөчөлүгүнөн улам биздин эл аралык соода аренасына чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз чектелген. Ошондуктан эл аралык инфраструктуралык долбоорлорго катышуу менен кургактагы соода артерияларын кошумча өнүктүрөбүз. Автомобиль жана темир жолдорун куруу менен коншу өлкөлөр аркылуу океанга чыгуу жолдорун табабыз.

10. Пенсионерлерге, калктын социалдык жактан муктаж катмарына жана балдарга кам көрүү күн тартибиндеги маанилүү маселелер. 

Аракеттеги эффективсиз иштѳѳ аракетин кѳрсѳтүп жаткан пенсия, социалдык фонд системасы изилденет жана кайра каралат. Фонддорду капитализациялоо жана ишмердүүлүк сапатын жогорулатуу маселесине  түздөн-түз өкмөт, парламент жана өлкөнүн жогорку жетекчилиги жооптуу болот.

11. Мурда кабыл алынган ЕАЭП жана БДСУ уюмдарынын жана башка келишимдердин чегиндеги эл аралык экономикалык милдеттемелер терең изилденет. Соода жана бажы саясаты жаатындагы эл аралык  пайдалуу келишимдер, интеграциялык процесстер биздин республиканын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен активдүу түрдө улантылат. Мамлекеттин тышкы соода саясатын активдүү жургузуп, сатуу базарыбызды кеңейтип, башка ѳлкѳлѳр менен экономика жаатында кызматташтыкты күчтѳндүрѳбүз. 

12. Мамлекеттин аракеттеги акча кредит саясаты  толугу менен кайра каралат. Банк, акча кредит берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жɵндɵɵчү  мыйзамдар жаңыртылат, анда керектөөчүлөрдүн укугу биринчи кезекте эске алынат. Финансылык мониторинг үчүн атайын орган түзүлөт жана ал: көмүскө экономиканын пайда болуу себептерин изилдейт жана аны легалдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат. Бул жаатта Электрондук документоборот жана фискалдык органдардын дистанттык мониторинг системасы көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттырат. Мыйзамсыз финансылык схемалар менен салыктан жана пошлиналардан кыйгап өтүүлөр аныкталган учурда бүт мүлкүн конфискациялоо менен, катуу жазага тартуунун  чараларын караган тиешелүү мыйзам иштелип чыгат.

13. Ата-бабаларыбыздан калган  ыйык жерибиз, жаратылыш ресуртарыбыз,  табигый кен байлыктарыбыз, суу ресурстарыбыз жалпы кыргызстан элинин ырыскысы жана келечеги. Азыр элибиздин казынасына киреше  алып келбеген «Кен байлыктарды колдонуу, иштетүү» мыйзамдарына ѳзгѳртүү киргизилет. Кен байлыктарды изилдеп жана товардык сапатка жеткирүү,  тейлѳѳ иштери, тажрыйбалуу аткара алган  турган ишканаларга берилет.  Иштелип чыккан баалуу продукцияны эл аралык базарларга алып чыгуу жана улуттук казынага киреше табуу милдетин мамлекеттик ишкана гана аткарат. Жаратылышты коргоо жана ишканалардын экологияны сактоо кѳзѳмѳлүнѳ аткаруу ѳкмѳтү милдеттүү болуп, атайын жоопкерчиликтүү   мамлекеттик аткаруу инспекция түптѳлѳт. 

14. ​Мамлекеттин салык саясаты инвестициялардын агымынын негизги стимулятору жана рыноктун өсү динамикасынын регулятору болуп саналат. Бардык резиденттер үчүн өзгөчө женилдиктер каралган экономикалык өнүгүү зоналарын түзүү максатка ылайыктуу. Резиденттерди каттоого алууну болушунча жөнөкөйлөштүрүш керек. Жылдык айлантуусу 100миң доллардан ашпаган  ишкерлерди салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуу. 100миң доллардан 350 миң долларга  чейин айлантуудагы капиталы барлардан НДСти 6% чейин кыскартуу. экономикалык өнүгүү зонасында Мамлекеттик банктын филиалын ачып ал аркылуу РЕЗИДЕНТТЕРДИ төмөнкү пайыздагы кредиттер менен камсыз кылуу. Жалпысынан өлкөдө физикалык тараптардын прогрессивдүү салык салуу системасын орнотуш керек.

15. Бардык бийлик бутактарынын, өкмөттүн тилектештиги жана ырааттуулугу биздин партиянын бул программаны ишке ашыруудагы эл тарабынан түшүнүүчүлүк жана жалпы колдоо болгон шартта биз төмөндөгүдөй экономикалык көрсөткучтөрдүн камсыз кыла алабыз: ИДПнын 5-6%га чейин өсүшү, өнөр жай өндүрүшүнүн жылына 15%дан, айыл-чарба өндүрүшүнүн кɵлɵмүн 5-10%дан кем эмес өсүшү, инвестициялар боюнча негизги капиталдын 9-10%дан,  улуттук кирешенин жана мамлекеттин алтын запасынын жыл сайын өсүшүн. 

Эч ким түбөлүк жашабайт, аркы дүйнөгө көр оокатын ала кетпейт.  Шайлоодо адилеттүү чечим кабыл алып, элибиздин татыктуу келечеги үчүн “Мекен Ынтымагы” партиясына добуш берүүгө чакырам.

Сый урматым менен, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков!

https://www.instagram.com/tv/CE3PAs6Bdcg/?utm_source=ig_web_copy_link
Яндекс.Метрика