«Мекенимди» сындаган инстаграм баракча жабылды
Кыргызстанда көп жылдан бери популярдуу болуп келген миллиондон ашуун катталуучусу бар инстаграм паблик жабылып калды. Азырынча эмне себептен инстаграмдан өчүрүлгөнү белгисиз.

omks_kg, omks_video, omks_media жана omks_press баракчалары инстаграмдан табылбай калды. Бир нече себептери болушу мүмкүн. Админдер өздөрү өчүрүп салган, инстаграм өзү колдонуучу эрежени бузган үчүн блоктоп салган же хакердик чабуул болуп өчүрүлгөн.
Эскерте кетсек акыркы учурда omks_video «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына элди шайлоодо ага шайлабашына чакырган бир нече видеолорду чыгарган. Интернет колдонуучулар ошол партиянын адамдарынын колунан келген иши деп баалашууда.
