«Мен аны сүйөм». Түндө ала качылган кыз отуруп калды
Буга чейин Чүйдүн Лебединовка айылынан 1995-жылы туулган Изат Курбанова уурдалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматы кабарлаган. Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.
Уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып ата-энесине кайрылуу жасады. Мындай видео социалдык тармактарда тароодо.