Окуялар

Мен хиджапты чечкенде…Болгон окуя

Бул окуя 2011-жылы сентябрь айында болгон. Жыл айланса дагы ошол күнкү окуя көз алдымдан кетпейт. Жашым 19да, 7-класстан баштап намаз окууга киришкем. Мусулмандардын парзын аткарып сүнөт
деп хиджап кийдим.Бирок, үйдөгүлор каршы болуп, чечтирип салышты.

Аргасыз намазды да таштоого туура келди. Ошондон баштап ачылып, ачык кийинип, отуруштар-кечелер менсиз өтпөй жыргап жүрдүм.
Ошол түнү эч нерседен бейкапар тынч уйкуда жаткам. Жакын жеңелерим “тахажут” намазын окуганы келишиптир. Бир жеңем ийнимден түртүп ойготкон. Мен уйкусуроо менен “барыңызчы жеңе” деп койгом. Анан жеңем, алдагинтип ачык жатпасаңчы, жин келип басып калбасын деди.

Ошентип жеңем күлүп чыгып кетти. Канча убакыт өткөнүн билбейм, көзүм илинип кетиптир. Өңүм эмес же түшүм эмес, айтор, босогодон мүчө бою жеңеме окшош, бирок, эки көзү оттой күйгөн сөлөкөттү көрдүм. Жаныма басып келип, колун сунду. Жеңем окшойт деп, “барыңызчы жеңе” деп колго бир чаптым. Ошол замат бүткөн боюм какшап, дүркүрөп кетти. Ал сөлөкөт менден көзүн албай тиктеген бойдон турат, же оозума келме келбейт.
Бир канча убакыттан кийин ал жоголду. Шаша-буша кийинип, жеңемдер жакка төшөгүмдү көтөрүп барып
жаттым. Калтырап-титиреп жатканымда жеңем сурап калды. Кыз не болду деп? Мен намазымды калтырбай окуйм, окуйм дегиче эле жанагы сөлөкөт кайрдан пайда болду. Катуу кыйкырып, эч кимди жаныма жолотпой кыйкыра берип өзүмду жоготуп койгом. Жеңемдин айтуусу боюнча кебетем бузулуп, ыйлап кыйкыра бериптирмин.

Таңга маал багымдат окулуп бүткөндөн кийин эсиме келиптирмин.
Ошондон кийин айылыбыздагы чоң молдого дем салдырып оңолдум. Бул коркунучту Алаахтын мага жиберген сыноосу деп ойлодум да, кайрадан намаз окуп баштадым.

Яндекс.Метрика