Окуялар

Мени кордоп, көчөгө кубалап чыккан жолдошум эми экинчи аялынын ич кийимин жууйт экен


Биринчи аялдын баркын билбесен экинчиден көрөсүң деп бекеринен айтпаса керек. Беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошкон жолдошум эки жылдан кийин мени төрт айлык бала менен таштап кеткен.

Тогуз ай болгуча кыйналып, улам ооруканага жатып жүрүп кесерово менен төрөдүм. Үйгө чыгып келсем мени келди деп эч ким кабыл алган жок. Ичим бүтпөй баламды которо албай жатсам күйөөм келип, “Манас туугансыбай турбайсыңбы биз тамак жебейбизби”-деп бир тепти. Мындайды күтпөгөнгө мага катуу тийди.

Сыртка эптеп чыгып тамагын берип столдун үстүн жыйнап жатсам кайынсиңдим кирлерин тоголоктоп көтөрүп келип эртен кием жууп коюңуз деди. Унчукпай аны жуудум. Ичим да ачылып кетиптир. Кан кетип кайра ооруканага жаттым. Ал жерде мени караган дарыгер ичимдин эмне себептен ачылганын билгенден кийин мени он беш күндөй ооруканадан чыгарбай койду. Балама ал жердеги медайымдар жардам берип айтор бир топ тыңып да алдым. Келсем баары мени жаман көзү менен карап, ичимди өзүм ачып алгандай көрүштү.

Балам ыйлаак болуп түнү ыйлап чыгат, күндүз кайынсиңдимдин концертин көрөм айтор уйкудан кыйналып, жүдөдүм. Ушундай күндөрдүн биринде шаардан эжем келип, менин абалымды көрүп баласы ыйлаак экен мен багышайын деп акырын үйүнө алып кетти. Ушул күндөн тартып жолдошум чалган жок. Көп өтпөй башкага үйлөнүп алды деп уктум. Телефон чалып эч ким менен байланыша да албай койдум. Акыры эжем барып чын эле ал жакта той болуп жатканын айтып жууркан төшөгүмдү алып келди.

Андан бери жети жыл өттү. Уулум чоңойду. Жумушума анын досунун аялы келип иштеп калды. Ал болсо жолдошумдун азыркы абалын айтып берди. Экинчи аялынын сөзү эки кылбай балдарыныкына кошуп аялынын жалаягынан бери жууп калганын айтканда оозум ачылды.

Төрөт үйүнөн жарык ичим менен араң келгенде мени аяп койгондун ордуна бир аз отуруп калсам чаап, тээп ийип, карындашынын кийминен бери жуудуруп, ыйлаган уулумду колума карматып мени түртүп сыртка чыгарып койчу эмес беле? Келсе кезек терме тезек деген ушул да менин баркымды билбей эми аялынын ич кийимин жууп калган турбайбы. Бекеринен биринчи аял Кудайдан экинчиси шайтандан деп айткан эмес да. Барктай албасаң сенин баркыңды да билбейт.

Яндекс.Метрика