Жаңылыктар

«Мени жамандайсың» деп кайнатасы келинин бычактап салды

Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын 26 жаштагы тургуну Өсөрбай кызы Жылдыз бүгүн, 9-март күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында өткөн жылдын аягында кайын атасы тарабынан бычакталганын билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 20-декабрында кайын атасы «мени эмнеге жамандадың?» деп бычак менен сайган. Ага Ош шаардык клиникалык ооруканансынын дарыгерлери операция жасаган.

«Мен 2015-жылы турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда 1 уул, 1 кызыбыз бар. Мурун да алар тарабынан зордук-зомбулук болгон. Кайын атам, «балам сени бага алат беле» деп үйдөн айдап жиберчү. Кийин күйөөм келип алып кетчү. 2020-жылдын 20-декабрь күнү үй жумуштарын кылып, жуунучу жайга барып келип, үйгө келсем атам кайын эжемдер менен телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Анда атам мени жамандап жатыптыр.

Анан телефонду мага беришти. Мен кайын эжеме үй жумуштарын өз убагында жасап жатканымды айттым. Кийин эле кайын атам келип, «сен мени жамандай турган болуп калгансыңбы?»,-деди. Мен жок десем тамак кылып жатып бычак коюп койгон элем, ошону менен ичиме сайып салды. Мен жатып калганымда кайын энеме, күйөөмө, «мына жыгылып калды, өлүп калат ооруканага алып баргыла» деди. Ошентип кайын атамдын агасы келгенден кийин мени ооруканага алып келишти. Алгач ооруканада дарыгерлер да жакшы карашкан жок. Кийин кан кусканымдан кийин операция жасашты», – деди ал.

Келиндин апасы Жылдыз Тиллаева кызынын бычакталганын ооруканадан уккан.

«Мага ооруканадан чалышты. Барсам «кызыңар жакшы, алып кете бергиле» дейт. Мен кызымдын абалы начар экенин айтып, ооруканада калтырдым. Көп өтпөй эле кан куса баштады. Андан кийин дарыгерлер операция жасашты», – деди Тиллаева.

Ал эми келиндин таежеси Урият Өмүрзакова ага бычак сайылгандан кийин ашказанын тешип кеткенин, жоон ичегиси кесилгенин айтты.

«Дарыгерлерден сурасам «Бычак жүрөккө кетчү тамырга 2 мм жетпей калыптыр. Эгер аны кесип кеткенде каза болуп калат эле» деп айтышты. Бычак сайылганда ашказан тешилип, жоон ичеги да кесилип калган экен. Операция узак болду. «Эмнеге узак жасадыңар?» десем, «бир жерин тиксек бир жеринен кан агып туруп алды» дешти. 6 жерине бир нерселерди коюшуптур.

Бул иш боюнча тергөө жүрдү. Ош шаардык соту кайын атасын 2 айга убактылуу камоо чечимин чыгарган. Облустук сот «тараптар келишип алганына байланыштуу» деп үй камагына чыгарып коюптур. Биз эч кандай келишип алган эмеспиз. Ошондуктан башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылабыз. Ушул ишти жакшы карап бериңиздер. Бул кызыбыз да балдары жетим калбасын деп жашап жүрө берген», – деди Өмүрзакова.

Окуя боюна Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов буларга токтолду.

«Бул факты 21-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене (денеге оор залал келтирүү) менен катталган. Ош шаардык соту аталган келиндин кайын атасынын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камаган. Ага нааразы болуп, облустук сотко даттанышкан. Ош облустук соту кайын атасын үй камагына чыгарган. Учурда бул иш тергелип бүтүп, 1-2 күндүн ичинде сотко өтөт», – деди Тавакалов.

Яндекс.Метрика