Жаңылыктар

«Менин да башыман өткөн». Садыр Жапаров камакта жаткан ата-бала боюнча оюн билдирди

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровго Аксыдагы окуя боюнча тынымсыз кайрылып жаткандары боюнча билдирүү таратты. Ал өзүнүн инстаграм баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырган:

Аксылык туугандар мага тынымсыз кайрылып жатышат.Ата-бала камакта экен. Жок дегенде бирөөнү үй камагына чыгартып бериңиз дешет. Окуя 7-октябрь күнү болгон экен. Районго аким коюу боюнча чыр чыгып, бир адам каза болуптур. Ошол себептен ата-бала камалыптыр. Мен азыр болгону талапкермин.

Бийликте болгондо деле сот иштерине, укук коргоо органдарынын иштерине кийлигише алмак эмесмин. Ата-бала экөө бирдей камакта жатканы өтө оор нерсе. Бул менин башыман өткөн. Ошондуктан жөн гана сиздер сыяктуу эле сурана алам. Бирөөнү үй камагына чыгарып коюп, ишти уланта берсе кандай болоор эле?Албетте ар ким өзү жасаган кылмышы үчүн сот алдында жоопко тартылаары турган иш. Ошого чейин атасы же баласы үй камагында болсо жакшы болот беле деген ой.

Окуянын чоо жайы:

Өткөн жылдын 7-октябрында Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулгандардын аягы өлүм менен аяктаган.

Акимди кызматтан кетирүү талабы менен чыккандардын ортосундагы калайман мушташта катуу жаракат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов жыйырма күндөн кийин каза болгон.

Кыргызстанда октябрдагы бийлик алмашуу менен аяктаган окуялардын эпкини Аксыга да тийип, район борбору Кербен шаарындагы калайман мушташта бир киши каза болуп, алты киши жараат алган.

Бул ызы-чуу аягына чыга элек уламдан аким алмашып, нааразы болгон эл 2-январда митингге да чыгышкан.

Яндекс.Метрика