Саясат

Мэрлик кызматка 3 адамдын талапкерлиги каралып жатканы белгилүү болду

Бишкек шаарынын мэрлик кызматы октябрда бийлик алмашкандан бери талашка түшүп, ызы-чуу токтобой келет. Балбак Түлөбаев келип бир аз тынчып калгандай болду эле, ал болсо ден-соолугуна байланыштуу 8-февраль күнү арызын жазып кызматын тапшырып берди.

Анын ордуна келген ишкер «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышкан Эрмек Нургазиев келип ал дагы коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган жок. Эртеси күнү анын иштен алынганы айтылып, бирок толугу менен премьер-министр чечээрин президент Садыр Жапаров билдирди.

Илимдүү, билимдүү жаштардын келишин талап кылгандар социалдык тармактарда түрлүү пикирлерин жызышууда.Өздүк булактардан улам мэрлик кызматка Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болуп келген Асхат Осмонов, мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жана мурда мэр болуп иштеп кеткен Нариман Түлеевдин талапкерлиги каралып жатканы белгилүү болду.

Буга чейин мэр болсом дегенде эки көзү төрт болгон «Чоң казат» партиясынын өкүлү Асхат Осмонов жаш, таза десек болот бирок, тажрыйбасынын жоктугу шаарды өнүктүрүүгө албетте тоскоол болот. Буга чейин кандай кызматта иштебесин өзүн мыкты көрсөтүп келген Сурабалдиеваны колдогондор да арбын. Ошону менен катар ага каршылар да аз эмес десек болот. 10 жыл мурда иштеп кеткен Нариман Түлеевдин эмгегин, шаарды бир топ гүлдөткөнүн шаар тургундары азыр да айтып бүтө алышпайт. Бирок, ошону менен катар анын мэр болуп иштешине каршы болгондор көп экенин октябрь айындагы митингдерден, социалдык тармактагы элдин пикиринен улам белгилүү болду. Бүгүн, 9-февралда Нариман Түлеевге буга чейин чыккан өкүмдөрдүн баарын Жогорку сот жокко чыгарып, ал таптаза адамга айланды. Ушунчадан бери өкүмдүн бүгүн чыгышы кокустукпу же мэрлик кызматка дайындоого даярдыкпы?

Эмнеси болсо да шаарыбызга стабилдүүлүк керек. Ай сайын мэр алмашып, берген убадаларын аткарбай кете беришкенде эч кандай жыйынтык болбосун түшүнүү керек. Кайсы мэр келбесин шаарга монорельстин курулушун күтөбүз.

Яндекс.Метрика