Мэрликке Жанар Акаев сунушталып жатат

Бийлик алмашкандан бери Бишкек шаарынын мэрлик кызматы катуу талашка түшүп жатат. Алгач мурдагы мэр Азис Суракматов арызын жазып кетип кайра кеткен жокмун деп келип алган . Ал ортодо Алмаз Бакетаев, Жоошбек Коёналиев мэр болгонго жетишишти. Кийин Суракматов парламенттик шайлоого катышам деп арызын жазып кетип жатып Нариман Түлеевди өзүнүн ордуна коюп кеткен.
Эртеси күнү эле митингге чыккандар пайда болуп «Нариман кет» деп кыйыкырып чыгышты. Алардын башчысы»Мекенчил» партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков «мен мэрликке татыктуумун» деп пресс конференция өкөргөнгө жетишти.
«Чоң казат» партиясынын мүчөсү Аскат Осмонов деген адам «Садыр Жапаров мага кызмат берем деген» деп өзүн мэрликке сунуштаган видеосун интернетке жарыялады.
Бүгүн, 26-октябрь «Ата мекен» партиясы Жанар Акаевди сунуштап жатканын 24 кг сайты өздүк булагына таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык Текебаев менен Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Учурда мэрдин кызматын убактылуу аткарып жаткан Түлеев Москвага иш сапары менен учуп кеткен.