Жаңылыктар

Миң киши чакырып той берген Атамбаевдин баласы УКМКдан кетеби?

Оштогу белгилүү бизнесмен Жалил Атамбаев коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө карабай уулуна шан-шөөкөттүү той өткөргөнүнө байланыштуу териштирүү башталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «1000дей киши катышкан той боюнча факты иликтенип жатканын», жыйынтыгына жараша чара колдонуларын маалымдады.

Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тою 12-декабрда болуп, ага миңдей адам катышкан. Арасында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депуттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана башкалар бар.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов Атамбаевдин үйлөнгөн баласы УКМКнын кызматкери экенин айтты:

“Учурда ал кызматкерге байланыштуу да кызматтык териштирүү башталды. Жалил Атамбаев да УКМКга чакырылды. Жыйынтыгына жараша катуу чаралар колдонулат”.

Аталган тойдон тартылган сүрөттөр интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси жана мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталганы кабарланган.

COVID-19 илдетине байланыштуу Кыргызстандын бир топ аймактарында, анын ичинде Ош, Бишкек шаарларында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Көп кишилер катышкан жыйындарды, тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Яндекс.Метрика